СУРОО : Менин 2 балам бар (бироосу 2,5 жашта, экинчиси 4 айда), аларды кундузу жалгыз карайм . Азыр мен багымдат намазын окуп баштадым. Азырынча ошол жетиштуубу же болбосо толук окуп башташ керекпи? ЖООП. Сиз намазкандардын катарына кошулуп намаз окуу дитин коюптурсуз. Мээримдүү Аллах сизден ыраазы болсун. Багымдат намазынан окуп баштай бериңиз. Кудай Таала сизге жардам берип калган намаздарды да тургузганга жетесиз. Ин шаааллах.