Change background image

ЖЫЛКЫНЫН ЗЕКЕТИ

Тема в разделе 'ФАТВАЛАР', создана пользователем admin, 28 янв 2014.

  1. admin

    admin Администратор Команда форума

    1-суроо: Жылкы баласына канча зекет берилет?

    Жооп: Эгер жылкы 1 жаштан өтүп, эркек ургаачысы аралаш болуп көбөйтүү максатында кармалган болсо зекет чыгаруу керек.

    Бир жылкынын зекети 1 динар (4.25 грамм алтындын баасы) же ошол жылкынын жалпы баасынын 40тан бири. Эгер жылкынын базар баасы 80 000 сом болсо анда 2000 сом чыгарат. (80 000÷40=2000)

    Ал эми үй жумушуна, суу ташыганга, күнүмдүк минүүгө колдонулган жылкыга зекет берилбейт.

    2-суроо: Канча жылдан кийин зекет берилет?

    Жооп: Зекетти жыл сайын берет. Ислам календары боюнча 355 күн айланса.

    3-суроо: Жылкынын жашына кандай каралат?

    Жооп: 1 жаштан өткөн жылкыга зекет берилет.

    4-суроо: жылкынын саны канчадан кийин?

    Жооп: Жылкынын саны эске алынбайт. Эң негизгиси, бир эркек, бир ургаачы жылкысы болуп, аларды көбөйтүү максатында бакса анда зекет берүү керек.

    5-суроо: Кандай адамдарга зекет берилет?

    Жооп:

    1- Кедейлерге ;2-Бей-бечараларга ;3-Зекет жыйнаган кызматкерлерге;

    4-Көңүлү алынучуларга: Жүрөгү Исламга жылына турган адамдар; Бирок бул өкүм азыркы учурда жараксыз.

    5-Кулдарга ;6-Карыздарларга;7-Алла жолундагыларга ;8-Жолдо калгандарга.

    Эскертүү:Ата-энеге, чоң-ата, чоң-энеге, балага, кызга, неберелерге, байларга жана мусулман эместерге зекет берилбейт. Мындантышкары, күйөсүмененаялы да бири-биринезекетбереалбайт. Ошондой эле Пайгамбарыбыздын урпактары болгон ак сөөк хаашимийлерге да берилбейт №008-13 Фатвасы
    ы
    Burulai нравится это.

Поделиться этой страницей